Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус аныкталып, каза болгондор жок. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 11 адамдан коронавирус аныкталды. Баары Бишкекте аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 742 адамга жетти.

Соңку суткада каза болгондор жок. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 973 адамды түздү.