Акыркы суткада 11 адамдан коронавирус аныкталып, каза болгондор катталган жок. Статистика

two skiing people, man and woman wearing mouth nose mask on chair ski lift with social distance on sunny winter day in the mountains

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 11 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 9, Чүйдө — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 847 адамга жетти.

Соңку суткада каза болгондор катталган жок. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 982 адамды түздү.