Акыркы суткада 110 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 110 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 56, Ошто — 10, Чүйдө — 18, Ошто — 3, Ысык-Көлдө — 12, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 6 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 199 миң 436 адамга жетти.

Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 902 адамды түздү.