Акыркы суткада 1127 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1127 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  678, Ошто — 22, Чүйдө — 134, Ош облусунда — 37, Таласта — 7, Нарында — 19, Ысык-Көлдө — 54, Жалал-Абадда — 94, Баткенде — 82 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 155 миң 5 адамга жетти.

Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Таласта эки, Жалал-Абадда бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 227 адамды түздү.