Акыркы суткада 1147 адамдан коронавирус аныкталып, 11 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1147 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  661, Ошто — 8, Чүйдө — 153, Ош облусунда — 59, Таласта — 20, Нарында — 26, Ысык-Көлдө — 52, Жалал-Абадда — 95, Баткенде — 73 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 156 миң 152 адамга жетти.

Соңку суткада 11 киши оорудан каза болду. Бишкекте сегиз, Чүйдө бир, Жалал-Абадда эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 238 адамды түздү.