Акыркы суткада 116 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 116 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 54, Ошто — 2, Чүйдө — 33, Ош облусунда — 3, Ысык-Көлдө — 13, Жалал-Абадда — 6, Таласта — 2, Баткенде — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 181 миң 105 адамга жетти.

Соңку суткада 2 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 666 адамды түздү.