Акыркы суткада 12 адамдан коронавирус аныкталып, каза болгондор катталган жок. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 12 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 10, Чүйдө — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 935 адамга жетти.

Соңку суткада каза болгондор катталган жок. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 988 адамды түздү.