Акыркы суткада 1238 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1238 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 693, Ош – 67, Чүй облусу – 151, Ош облусу – 82, Талас облусу – 15, Нарын облусу – 17,  Ысык-Көл облусу – 38, Жалал-Абад облусу – 86, Баткен облусу – 89 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 135 миң 739 адамга жетти.

Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарында, үчөө Чүйдө, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 73 адамды түздү.