Акыркы суткада 1287 адамдан коронавирус аныкталып, 11 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1287 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 917, Ош – 19, Чүй облусу – 96, Ош облусу – 11, Талас облусу – 20, Нарын облусу – 11,  Ысык-Көл облусу – 48, Жалал-Абад облусу – 48, Баткен облусу – 117 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 150 миң 316 адамга жетти.

Соңку суткада 11 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкекте, Ошто бир, Чүйдө бир, Таласта бир, Ысык-Көлдө эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 186 адамды түздү.