Акыркы суткада 1295 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1295 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 788, Ош – 51, Чүй облусу – 160, Ош облусу – 38, Талас облусу – 19, Нарын облусу – 26,  Ысык-Көл облусу – 46, Жалал-Абад облусу – 64, Баткен облусу – 103 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 138 миң 353 адамга жетти.

Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарында, экөө Чүйдө, Ош облусунда бирөө, Ош шаарында бирөө  катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 93 адамды түздү.