Акыркы суткада 1352 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1352 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 803, Ош – 42, Чүй облусу – 189, Ош облусу – 67, Талас облусу – 29, Нарын облусу – 24,  Ысык-Көл облусу – 37, Жалал-Абад облусу – 80, Баткен облусу – 81 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 129 миң 232 адамга жетти.

Соңку суткада 8 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун төртөө Бишкек шаарында, экөө Чүйдө, Жалал-Абадда бир, Ошто бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 27 адамды түздү.