Акыркы суткада 1364 адамдан коронавирус аныкталып, 11 киши каза болду. Статистика

Архив

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1364 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 778, Ош – 48, Чүй облусу – 205, Ош облусу – 33, Талас облусу – 24, Нарын облусу – 24,  Ысык-Көл облусу – 51, Жалал-Абад облусу – 85, Баткен облусу – 116 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 147 миң 656 адамга жетти.

Соңку суткада 11 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Бишкек шаарында, Баткенде үч, Жалал-Абад облусунда бир, Нарында бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 165 адамды түздү.