Акыркы суткада 1373 адамдан коронавирус аныкталып, 10 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 1373 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкек – 832, Ош – 45, Чүй облусу – 163, Ош облусу – 57, Талас облусу – 25, Нарын облусу – 23,  Ысык-Көл облусу – 52, Жалал-Абад облусу – 57, Баткен облусу – 119 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 149 миң 29 адамга жетти.

Соңку суткада 10 киши оорудан каза болду. Каза болгондордун алтоо Чүйдө, Баткенде бир, Нарында бир, Ысык-Көлдө эки өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 175 адамды түздү.