Акыркы суткада 145 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 145 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 47, Ошто — 2, Чүйдө — 31, Таласта — 7, Ысык-Көлдө — 40, Жалал-Абадда — 5, Баткенде — 10 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 175 миң 734 адамга жетти.

Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 528 адамды түздү.