Акыркы суткада 154 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 154 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 63, Ошто — 1, Чүйдө — 22, Таласта — 7, Ысык-Көлдө — 42, Жалал-Абадда — 7, Баткенде — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 176 миң 347 адамга жетти.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 546 адамды түздү.