Акыркы суткада 16 адамдан коронавирус аныкталып, 2 адам каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 16 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 11, Чүйдө — 1, Ошто — 1, Ысык-Көлдө — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 631 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 965 адамды түздү.