Акыркы суткада 174 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 174 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 95, Ошто — 26, Чүйдө — 7, Таласта — 5, Нарында — 4, Ысык-Көлдө — 15, Жалал-Абадда — 17, Баткенде — 5 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 104 миң 729 адамга жетти.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Бишкекте төрт, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 808 адамды түздү.