Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 175 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 85, Чүйдө — 31, Ош облусунда — 3, Таласта — 4, Ысык-Көлдө — 32, Жалал-Абадда — 8, Баткенде — 10 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 176 миң 193 адамга жетти.
Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 541 адамды түздү.