Акыркы суткада 193 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 193 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 134, Ошто — 9, Чүйдө — 11, Ош облусунда — 4, Таласта — 6, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 4, Жалал-Абадда — 17, Баткенде — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 185 миң 677 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 816 адамды түздү.