Акыркы суткада 198 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 198 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 136, Ошто — 13, Чүйдө — 10, Ош облусунда — 29, Таласта — 3, Нарында — 1, Ысык-Көлдө — 2, Жалал-Абадда — 4 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 186 миң 65 адамга жетти.

Соңку суткада 1 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 819 адамды түздү.