Акыркы суткада 20 адамдан коронавирус аныкталып, 1 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 20 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 9, Чүйдө — 7, Ысык-Көлдө — 2, Бткенде — 2 учур аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 388 адамга жетти.

Соңку суткада 1 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 948 адамды түздү.