Акыркы суткада 202 адамдан коронавирус аныкталып, 3 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 202 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 107, Ошто — 2, Чүйдө — 46, Ош облусунда — 2, Таласта — 3, Нарында — 3, Ысык-Көлдө — 18, Жалал-Абадда — 14, Баткенде — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 199 миң 164 адамга жетти.

Соңку суткада 3 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 896 адамды түздү.