Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 202 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 69, Ошто — 2, Чүйдө — 69, Ош облусунда — 7, Таласта — 5, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 22, Жалал-Абадда — 9, Баткенде — 14 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 198 миң 518 адамга жетти.
Соңку суткада 4 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 884 адамды түздү.