Акыркы суткада 213 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 213 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 94, Ошто — 6, Ош облусунда — 4, Чүйдө — 27, Таласта — 14, Нарында — 5, Ысык-Көлдө — 45, Жалал-Абадда — 6, Баткенде — 12 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 175 миң 437 адамга жетти.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 518 адамды түздү.