Акыркы суткада 215 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 215 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 66, Ошто — 2, Ош облусунда — 3, Чүйдө — 53, Таласта — 14, Нарында — 4, Ысык-Көлдө — 38, Жалал-Абадда — 22, Баткенде — 13 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 175 миң 224 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 513 адамды түздү.