Акыркы суткада 224 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 224 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Аймактар боюнча алганда, Бишкекте — 150, Ош шаарында — 3, Чүйдө — 41, Ош облусунда — 2, Нарында — 6, Таласта — 2, Ысык-Көлдө — 18, Жалал-Абадда — 2 киши ооруну жуктуруп алды деп катталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери 100 миң 473 адамдан коронавирус аныкталды.

Акыркы суткада илдеттен 8 киши каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө эки, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдө 1 миң 703 адам аталган оорудан кайтыш болду.