Акыркы суткада 229 адамдан коронавирус аныкталып, 4 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 229 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 102, Ошто — 7, Ош облусунда — 8, Чүйдө — 46, Таласта — 3, Нарында — 12, Ысык-Көлдө — 27, Жалал-Абадда — 14, Баткенде — 10 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 174 миң 576 адамга жетти.

Соңку суткада 4 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 498 адамды түздү.