Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 23 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 11, Чүйдө — 7, Ысык-Көлдө — 4, Баткенде — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 200 миң 599 адамга жетти.
Соңку суткада 2 адам каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 962 адамды түздү.