Акыркы суткада 237 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 237 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 120, Ошто — 4, Чүйдө — 37, Ош облусунда — 1, Таласта — 7, Ысык-Көлдө — 39, Жалал-Абадда — 11, Баткенде — 18 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 172 миң 327 адамга жетти.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 451 адамды түздү.