Акыркы суткада 244 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдети 244 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте 158, Чүй облусунда 54, Ош шаарында 2, Ош облусунда 5, Таласта 5, Ысык-Көлдө 16, Жалал-Абадда 2, Баткенде 2 киши ооруну жуктуруп алганы аныкталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдөгү жалпы көрсөткүч 91 миң 883 адамга жетти.

Ал эми акыркы сутка ичинде 3 киши каза болду. Экөө Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө катталды. Ошентип оорудан жакшы боло албай көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 549 кишиге жетти.

Акыркы сутка ичинде илдеттен айыккандардын саны 134 адамды түздү.