Акыркы суткада 244 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 244 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 137, Ошто — 3, Чүйдө — 45, Ош облусунда — 2, Таласта — 6, Нарында — 4, Ысык-Көлдө — 28, Жалал-Абадда — 7, Баткенде — 12 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 173 миң 920 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 484 адамды түздү.