Акыркы суткада 248 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Архив

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 248 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 121, Ошто — 1, Чүйдө — 51, Ош облусунда — 6, Таласта — 6, Нарында — 9, Ысык-Көлдө — 25, Жалал-Абадда — 13, Баткенде — 16 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 173 миң 676 адамга жетти.

Соңку суткада 5 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 478 адамды түздү.