Акыркы суткада 28 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 28 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 13, Чүйдө — 4, Ошто — 1, Ысык-Көлдө 2, Жалал-Абадда — 6, Баткенде — 2 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 55 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам көз жумду. Эки өлүм тең Бишкекте катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 775 адамды түздү.