Акыркы суткада 29 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 29 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 16, Ош шаарында — 1, Чүйдө — 7, Ошто — 1, Нарында —  1, Жалал-Абадда — 3 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 184 миң 123 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам көз жумду. Адам өлүмү Бишкек шаары менен Талас облусунда катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 779 адамды түздү.