Акыркы суткада 308 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Соңку сутка ичинде өлкө боюнча 253 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Аймактар боюнча алганда, Бишкекте — 164, Ош шаарында — 12, Чүйдө — 76, Ысык-Көлдө — 19, Жалал-Абадда — 13, Нарында — 4, Ошто — 11, Баткенде — 4 киши ооруну жуктуруп алды деп катталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери 102 миң 186 адамдан коронавирус аныкталды.

Акыркы суткада илдеттен 8 киши каза болду. Бишкекте алты, Нарында бир, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирус катталгандан бери өлкөдө 1 миң 743 адам аталган оорудан кайтыш болду.