Акыркы суткада 32 адамдан коронавирус аныкталды. Көз жумгандар катталган жок. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 32 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 15, Чүй — 9, Ош облусунда — 3,  Жалал-Абадда — 4, Таласта — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 183 миң 744 адамга жетти.

Соңку суткада каза болгондор катталган жок. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 762 адамды түздү.