Акыркы суткада 321 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде 321 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Бишкекте — 221, Ошто — 7, Чүйдө — 54, Нарында — 11, Таласта — 1, Ысык-Көлдө — 20, Баткенде — 7 киши илдетти жуктуруп алды деп катталды. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 98 миң 400гө жетти.

Оорудан 6 киши каза болду. Бишкекте беш, Чүйдө бир өлүм катталды. 2020-жылдын март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 655ке жетти.