Акыркы суткада 325 адамдан коронавирус аныкталды, 8 киши оорудан каза болду. Статистика

Акыркы суткада өлкөдө 325 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.

Бишкекте — 262, Ошто — 8, Чүйдө — 19, Ош облусунда — 8, Таласта — 3, Нарында — 6, Ысык-Көлдө — 18, Жалал-Абадда — 1 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 102 миң 511 адамга жетти.

Акыркы сутка ичинде оорудан 8 бейтап каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө үч, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Коронавирустан көз жумгандардын жалпы саны 1 миң 571 кишини түздү.