Акыркы суткада 332 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 332 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 150, Ошто — 2, Чүйдө — 31, Ош облусунда — 8, Таласта — 20, Нарында — 23, Ысык-Көлдө — 38, Жалал-Абадда — 36, Баткенде — 24 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 172 миң 90 адамга жетти.

Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 446 адамды түздү.