Акыркы суткада 333 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 333 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 148, Ошто — 40, Чүйдө — 68, Ош облусунда — 13, Таласта — 5, Нарында — 14, Ысык-Көлдө — 23, Жалал-Абадда — 16, Баткенде — 6 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 104 миң 555 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Бишкекте үч, Чүйдө эки, Ысык-Көлдө бир өлүм катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 1 миң 803 адамды түздү.