Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 348 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 244, Ошто — 7, Чүйдө — 38, Ош облусунда — 16, Таласта — 7, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 22, Баткенде — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 186 миң 413 адамга жетти.
Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 821 адамды түздү.