Акыркы суткада 348 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Passerby Asian girl in a protective medical mask outdoors. A woman on the street in winter protects the respiratory tract from the epidemic of coronavirus.

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 348 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 244, Ошто — 7, Чүйдө — 38, Ош облусунда — 16, Таласта — 7, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 5, Жалал-Абадда — 22, Баткенде — 7 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 186 миң 413 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 821 адамды түздү.