Акыркы суткада 356 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 356 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 216, Ошто — 3, Чүйдө — 88, Ош облусунда — 4, Таласта — 5, Ысык-Көлдө — 14, Жалал-Абадда — 14, Баткенде — 12 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 197 миң 437 адамга жетти.

Соңку суткада 5 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 867 адамды түздү.