Акыркы суткада 398 адамдан коронавирус аныкталып, 5 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 398 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 227, Ошто — 1, Чүйдө — 115, Ош облусунда — 2, Таласта — 4, Ысык-Көлдө — 24, Жалал-Абадда — 12, Баткенде — 13 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 197 миң 835 адамга жетти.

Соңку суткада 5 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 872 адамды түздү.