Акыркы суткада 404 адамдан коронавирус аныкталып, 8 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде 404 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Бишкекте — 294, Ошто — 4, Чүйдө — 65, Ош облусунда — 2, Нарында — 9, Ысык-Көлдө — 20, Жалал-Абадда — 9, Таласта — 1 киши илдетти жуктуруп алды деп катталды. 2020-жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 100 миң 249га жетти.

Оорудан 8 киши каза болду. Бишкекте төрт, Чүйдө үч, Таласта бир өлүм катталды. 2020-жылдын март айынан бери илдеттен каза болгондордун саны 1 миң 695ке жетти.