Акыркы суткада 417 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 417 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  201, Ошто — 8, Чүйдө — 83, Ош облусунда — 13, Таласта — 17, Нарында — 16, Ысык-Көлдө — 38, Жалал-Абадда — 14, Баткенде — 27 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 170 миң 770 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 426 адамды түздү.