Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 43 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 26, Чүйдө — 4, Ысык-Көлдө —8, Жалал-Абадда — 2, Таласта — 2, Нарында — 1 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 178 миң 783 адамга жетти.
Соңку суткада 1 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 608 адамды түздү.