Акыркы суткада 465 адамдан коронавирус аныкталып, 2 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 465 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте — 345, Ошто — 4, Чүйдө — 60, Ош облусунда — 16, Таласта — 8, Нарында — 2, Ысык-Көлдө — 7, Жалал-Абадда — 15, Баткенде — 8 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавируска чалдыккандардын саны 186 миң 878 адамга жетти.

Соңку суткада 2 адам өлүмү катталды. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 823 адамды түздү.