Акыркы суткада 468 адамдан коронавирус аныкталып, 7 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 468 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  262, Ошто — 3, Чүйдө — 72, Ош облусунда — 12, Таласта — 8, Нарында — 12, Ысык-Көлдө — 37, Жалал-Абадда — 37, Баткенде — 25 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 171 миң 238 адамга жетти.

Соңку суткада 7 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 433 адамды түздү.