Акыркы суткада 471 адамдан коронавирус аныкталып, 6 киши каза болду. Статистика

Акыркы сутка ичинде өлкө боюнча 471 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Аймактарга алып карасак, Бишкекте —  212, Ошто — 7, Чүйдө — 110, Ош облусунда — 5, Таласта — 14, Нарында — 4, Ысык-Көлдө — 38, Жалал-Абадда — 60, Баткенде — 21 кишиден илдет аныкталды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус катталгандардын саны 169 миң 971 адамга жетти.

Соңку суткада 6 киши оорудан каза болду. Өткөн жылдын март айынан бери өлкөдө аталган илдеттен көз жумгандардын саны 2 миң 413 адамды түздү.